Жыгач эмес токой продукциясы (ЖЭТП) — бул токойду кыюусуз пайдаланылуучу жаратылыш ресурстары.

ЖЭТПга жаңгактар, мөмө-жемиштер жана токой мөмөлөрү, дары-дармек өсүмдүктөрү, козу карындар, бал, декоративдүү өсүмдүктөр, чайырлар жана башка жаратылыш ресурстары кирет.

ЖЭТПнын Кыргызстандагы ролу

  • Экономикалык — айыл жериндеги үй чарбалары үчүн киреше булагы;
  • Социалдык — алыскы жана тоолуу аймактарда калктын иш менен камсыз болушуна көмөк көрсөтөт;
  • Экологиялык — токойлорду кыйбай сактоого жана рационалдуу пайдаланууга өбөлгө түзөт;
  • Климаттык — экосистемаларды туруктуу башкарууга жана көмүртекти сиңирүүгө (секвестрациялоого) салым кошот.

ЖЭТПнын ролу өлкөнүн түштүк аймактарында, айрыкча жаңгак-мөмөлүү токойлор жайгашкан аймактарда өзгөчө чоң. Бул жерде продукцияны жыйноо, кайра иштетүү жана сатуу айланасында жергиликтүү экономиканын бүтүндөй тармактары калыптанган.

АРИС долбоорунун алкагында ЖЭТПны өнүктүрүү боюнча иш-чаралар

«Кыргыз Республикасынын токойлоруна жана жайыттарына климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо (CS-FOR)» долбоорунун алкагында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) ЖЭТП секторун өнүктүрүүгө багытталган комплекстүү иш-чараларды ишке ашырууда.

FSC жана органикалык эл аралык сертификаттоону киргизүү

«Кыргыз Республикасынын токойлоруна жана жайыттарына климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо (CS-FOR)» долбоорунун алкагында АРИС токой чарбасын туруктуу башкаруунун эл аралык FSC (Forest Stewardship Council) стандарттарын жана жыгач эмес токой продукциясын органикалык сертификациялоо системасын киргизүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууда.

Максаты

  • токойлорду туруктуу башкарууну өнүктүрүү;
  • продукциянын сапатын жогорулатуу;
  • кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн эл аралык рынокторго чыгышына көмөк көрсөтүү.

Иш-чаралардын алкагында төмөнкү иштер каралган:

  • пилоттук токой чарбасын FSC сертификациялоого даярдоо;
  • кеминде 10 ишканага органикалык сертификат алууга колдоо көрсөтүү;
  • методикалык жана ченемдик документтерди иштеп чыгуу;
  • ЖЭТПны туруктуу башкаруу системаларын киргизүү;
  • продукциянын келип чыгышын көзөмөлдөө (прослеживаемость) системаларын түзүү;
  • окутуу программаларын жана тренингдерди өткөрүү;
  • сертификаттоо аудиттерин өткөрүүдө консультациялык коштоо көрсөтүү;
  • туруктуу кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү.