Климаттык тобокелдиктер

Акыркы 150 жыл ичинде Жердин климаты олуттуу өзгөрүүгө учурады. Бүгүн эл аралык коомчулук климаттын өзгөрүшүн туруктуу өнүгүүгө, экосистемаларга жана адамдардын бакубат жашоосуна эң олуттуу коркунучтардын бири катары тааныйт. Бул өзгөрүүлөрдүн негизги себеби — адамдын ишмердүүлүгү, биринчи кезекте парник газдарынын бөлүнүп чыгышы жана абанын орточо температурасынын жогорулашы.

1850-жылдан бери ар бир кийинки он жыл мурункусунан жылуураак болуп келди. 2011–2020-жылдар аралыгында глобалдык температура индустрияга чейинки мезгилге салыштырмалуу 1,09°Cга жогорулады. Температура өзгөчө кургак жерлерде тез өсүп, кургакчылыкты, экстремалдык ысыкты жана жердин деградациясын күчөтүүдө.

Кыргызстан да бул жагынан өзгөчө эмес

Кыргызстан да бул процесстен четте калган жок. 1976–2019-жылдар аралыгында өлкөдө орточо жылдык абанын температурасы ар он жылда орто эсеп менен 0,23°Cга жогорулап, жаан-чачындын мүнөзү туруксуз боло баштады. Бул өзгөрүүлөр айыл чарбасына, суу ресурстарына, токойлорго жана жайыттарга түздөн-түз таасир этет — булар айыл жергесинде жашаган миллиондогон адамдардын негизги жашоо булагы болуп саналат.

Климат эмне үчүн өзгөрөт: парник газдарынын ролу

Климаттын өзгөрүшүнүн негизги фактору — адам ишмердүүлүгүнөн келип чыккан парник газдарынын бөлүнүп чыгышы. Бул газдар көмүр, мунай жана газды күйгүзүүдөн, ошондой эле айыл чарба жана жерди пайдалануу процесстеринен пайда болот.

Мисалы тмнк парник газдары:

  • көмүр кычкыл газы (CO₂);

  • метан (CH₄);

  • азоттун закиси (N₂O).

атмосферада топтолуп, жууркан сыяктуу жылуулукту кармап, глобалдык жылуулуктун күчөшүнө алып келет.

Дүйнөдө CO₂ бөлүнүп чыгышы жылына болжол менен 4 гигатоннага көбөйөт, ал эми Кыргызстанда жылына болжол менен 15 миллион тоннаны түзөт. Бул газдардын өзгөчөлүгү — алар атмосферада ондогон жылдар, ал тургай кылымдар бою сакталып, климаттык өзгөрүүлөрдү узак мөөнөттө күчөтөт.

Кыргызстандын климаттык саясаты: CS FOR долбоорунун кошо турчу салымы

Долбоордун пилоттук аймактарындагы климаттык кесепеттер (Сузак, Тогуз-Торо, Ак-Талаа, Өзгөн)

Ак-Талаа, Тогуз-Торо районунда болуп өткөн тегерек стол, жыйындарга көз ирмем.

Климаттын өзгөрүшү учурда төмөнкү көрүнүштөр менен байкалууда:

  • кургакчылыктын жана аномалдуу ысыктын көбөйүшү;
  • сел жана суу ташкындары;
  • суу ресурстарынын азайышы;
  • токойлордун жана жайыттардын деградациясы.

CS-FOR долбоорунун пилоттук райондору — Ак-Талаа, Сузак, Тогуз-Торо жана Өзгөн — Нарын, Жалал-Абад жана Ош облустарынын климаттык жактан аялуу зоналарында жайгашкан. Акыркы 27 жыл ичинде бул аймактарда орточо жылдык температура 1,5°C жана андан да жогорулаганы байкалган. Айрым райондордо жаан-чачындын азайуу тенденциясы, ошондой эле сел жана суу ташкындары сыяктуу өзгөчө кырдаалдар көбөйгөн.

Бул аймактардын табигый экосистемалары климаттык өзгөрүүлөргө өзгөчө сезимтал. Бул аялуулуктун негизги көрсөткүчтөрүнүн бири — жайыттардын жана токойлордун деградациясы.

Жайыттардын деградациясынын негизги себептери

Кыргызстандын аймагынын дээрлик 9 миллион гектарын жайыттар ээлейт. Бирок алардын бир кыйла бөлүгүнө ашыкча күч келүүдө. Малдын жалпы саны экологиялык жактан жол берилген ченемден 3–5 эсе ашып, бул жайыттардын деградациясынын негизги себептеринин бири болуп саналат.

Жайыттардын деградациясынын негизги себептери:

  • малды ашыкча жаюу жана жаюу технологияларынын бузулушу;

  • жайыттарды мезгилге жараша жана кезектештирип пайдалануунун жоктугу;

  • инфраструктуранын жетишсиздиги (жолдор, көпүрөлөр, мал сугаруучу жайлар);

  • климаттын өзгөрүшү жана суунун тартыштыгы;

  • малдын санын көбөйтүүгө басым жасалып, сапатына жетиштүү көңүл бурулбашы.

 
 

CS-FOR CGLM members at a practical training session on monitoring and assessing the state of pasture

Жайыттарды жакшыртуу

Жайыттардын деградациясынын кесепеттери:

  • топурактын эрозияга учурашы жана өсүмдүк катмарынын азайышы;

  • тоют базасынын кыскарышы;

  • айыл тургундарынын кирешесинин азайышы;

  • климаттык тобокелдиктерге карата аярлуулуктун жогорулашы;

  • биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышы;

  • жайыттардын көмүртекти сиңирүү жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшү.

Токойлордун деградациясы жана жаратылыш функцияларынын жоголушу

Токойлор — биздин экологиялык калкан.

Алар топуракты коргоодо, суу режимин жөнгө салууда жана көмүр кычкыл газын сиңирүүдө негизги роль ойнойт. Бирок пилоттук аймактарда токойлордун олуттуу бөлүгү орто жана оор деградация абалында.

Бул алардын төмөнкү жөндөмдөрүн азайтат:

  • климаттык стресстерге туруштук берүү;
  • жер көчкү жана селдерди алдын алуу;
  • көмүр кычкыл газын сиңирүүчү табигый “жуткуч” катары иштөө.

Көмүртекти секвестрациялоо деген эмне жана эмне үчүн маанилүү?

Көмүртекти секвестрациялоо — өсүмдүктөр жана топурак тарабынан көмүр кычкыл газын табигый түрдө сиңирүү процесси.

Токойлор көмүртекти жыгачта, жалбыракта жана тамырда топтойт, ал эми жайыттар аны топуракта кармап калат. Экосистеманын абалы канчалык жакшы болсо, ал ошончолук көп көмүртекти кармай алат.

Кыргызстандын климаттык саясатына ылайык, токойлор жана көп жылдык өсүмдүктөр жылына чыгарылган эмиссиянын 65%га чейин сиңирет, ал эми жайыттардын бул процесстеги потенциалы азырынча жетиштүү пайдаланылбай жатат.

Көмүртекти секвестирлөө, “жутуп алуу” же “сиңирүү”. Секвестрация, поглощение углерода.

Айлана-чөйрөнү жана социалдык чөйрөнү башкаруу планы (ПУОСС) – ФАО/ЗКФ CS FOR долбоорунун алкагында

ПУОСС документтин негизги максаты — алдын ала экологиялык жана социалдык баалоо жүргүзүү.

ПУОССтун милдети — долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди аныктоо, алардын алдын алуу чараларын көрүү жана долбоордун айлана-чөйрөгө жана социалдык шарттарга терс таасирин минималдаштыруу.

Бул планда көрсөтүлгөн жол-жоболор: мүмкүн болуучу тобокелдиктерди аныктоого, пландаштырылган иш-чараларга туруктуу жана натыйжалуу көзөмөл жүргүзүүгө, аныкталган тобокелдиктерди азайтуу боюнча чараларды ишке ашырууга, ошондой эле кызыкдар тараптарды ПУОССту ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоого, жыйынтыктарды кароого, зарыл болгон түзөтүүлөрдү киргизүүгө жана өз убагында отчет берүүгө тартууга мүмкүндүк берет.