Өзгөрүүлөр
Жыйынтыктар
Фактыга негизделген жаратылыш ресурстарын башкарууну күчөтүү.
Фактыга негизделген жаратылыш ресурстарын башкарууну күчөтүү.
Климаттык факторлорду эске алуусунун негизинде пландоо жана өнүктүрүү үчүн жаратылыш ресурстарын башкаруунун институционалдык жана регулятивдик системасын күчөтүү.

жергиликтүү жамаат
Жаратылыш ландшафттарын башкаруу боюнча коомдук топтор
Бул компоненттин алкагында айыл аймактарында Жаратылыш ландшафттарын башкаруу боюнча коомдук топтор (ОГУЛ) түзүлөт.
ОГУЛ – бул ыктыярдуу консультативдик топтор. Алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкү маселелерде көмөк көрсөтөт:
- пландоо
- башкаруу
- жаратылыш ресурстарын мониторинг кылуу
ОГУЛ мүчөлөрү айылдык активисттердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, токой чарбаларынын, жайыт жана суу пайдалануучулардын, жаштардын жана аялдар топторунун, башка коомдук демилгелердин жана бизнес өкүлдөрүнүн арасынан тандалат.

Ак-Талаа, Тогуз-Торо районунда болуп өткөн тегерек стол, жыйындарга көз ирмем.
Мындай курам ресурстарды башкарууга комплекстүү мамилени камсыз кылат жана бардык кызыкдар тараптарды камтыйт.
Өзгөчө көңүл аялдардын жана жаштардын катышуусуна бурулат: алар негизги ролдорду ээлеп, топтордун төрагасы болуп, чечим кабыл алууга активдүү катышат.
Топторду түзүү калк менен алгачкы маалыматтык жолугушуулардан башталат. Бул жолугушууларда тургундар өз айылдарынан делегаттарды шайлашат. Андан кийин ошол делегаттардын арасынан ОГУЛдар түзүлөт.
Фокус-топтор
Ар бир добуш маанилүү
Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана туруктуу өнүгүү боюнча чечимдерди биргелешип издөө үчүн ар бир жамааттын үнүн угуу маанилүү.
ОГУЛдардын активдүү ишинин маанилүү этабы — максаттуу айыл аймактарда фокус-топторду өткөрүү болуп саналат. Бул айыл тургундарынын климаттык өзгөрүү шарттарындагы негизги көйгөйлөрүн жана муктаждыктарын аныктоого мүмкүндүк берет.
ОГУЛдар айыл өкмөтү деңгээлинде Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук пландарын (ЖРКБКТ / ПКУПРУИК) иштеп чыгышат жана аны жергиликтүү деңгээлде ишке ашырууга катышат.

Комплекстүү мамиле
ПКУПРУИК деген эмне?
Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук пландары (ПКУПРУИК) — бул айыл аймактарында жайыт ресурстарын коргоо, жакшыртуу жана пайдалануу, ошондой эле мал чарбасын өнүктүрүү боюнча стратегияны жана иш-аракеттер планын аныктаган расмий документ.
Ошондой эле аталган план аймактагы жаратылыш ресурстарын (жайыт, токой, жапайы жаратылыш, жыгач, эс алуу жана эстетикалык баалуулуктар ж.б.) туруктуу пайдаланууну камсыз кылуучу инструмент болуп эсептелет. Ал ресурстарды баалоо, пайдаланууну пландоо жана жөнгө салуу, абалын жакшыртуу жана мониторинг жүргүзүү процесстерин камтыйт.
ПКУПРУИК методологиясын жүктөп алууФокус-топтор
Жергиликтүү жамааттардын потенциалын күчөтүү
Долбоордун алкагында климаттык өзгөрүү шарттарында жаратылыш ресурстарын башкаруу жана субдолбоорлорду ишке ашыруу боюнча жергиликтүү жамааттардын жана өнөктөштөрдүн потенциалын күчөтүүгө багытталган бир катар тренингдер каралган.
Окутуу төмөнкү багыттарды камтыйт:
- жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу;
- биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо;
- жайыттарды пландоо жана рационалдуу пайдалануу;
- мал чарбасын комплекстүү өнүктүрүү.
Өзгөчө көңүл экологиялык жана социалдык документтерди даярдоого (ПУОСС), мониторинг жана баалоого, коомдук көзөмөлгө, ошондой эле субдолбоорлорду ишке ашырууда сатып алуулар жана каржылык башкаруу процедураларына бурулат.

