АРИС: CS-FOR долбоорунун пилоттук аймактарында жашыл экономика жана каржылык сабаттуулук боюнча тренингдер башталат

«Кыргыз Республикасында токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо (CS-FOR)» долбоорунун алкагында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИСтин) «Жашыл экономика жана каржылык сабаттуулук» темасында окуу-тренингдер циклин өткөрүүнү баштайт.

Долбоор токойлорго жана жайыт жерлерине климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоону көбөйтүүгө, табигый ресурстардын деградацияга учуроо факторлорун азайтууга, ошондой эле аз көмүртектүү жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу экономиканы өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө багытталган. Долбоордун маанилүү багыты — жергиликтүү коомчулукту күчөтүү жана чарбалык-ишкердик ишмердикти жүргүзүүдө экологиялык багыттагы мамилелерди өнүктүрүү.

Окуу программасы Кыргызстандын төрт районунун 27 пилоттук айыл аймагында 12 ай бою ишке ашырылат: Нарын облусунун Ак-Талаа району, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Сузак райондору, Ош облусунун Өзгөн району.

Жыл ичинде 108 тренинг өткөрүү каралган — ар бир 27 пилоттук айыл аймагында төрттөн тренинг. Окутуу төрт квартал ичинде этап-этабы менен уюштурулат. Ар бир тренингге кеминде 20 адам катышат.

Окутуунун максаты

Тренингдердин негизги максаты — пилоттук аймактардын өкүлдөрүнүн жашыл экономика жана каржылык сабаттуулук боюнча билимин жана практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу, экономикалык өнүгүү, табигый ресурстарды акылга сыярлык пайдалануу жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулуктун байланышын түшүнүүнү калыптандыруу.

Программа катышуучуларда жашыл экономиканын принциптери, туруктуу өнүгүү, декарбонизация жана ресурстарды циркулярдык пайдалануу боюнча бүтүндөй түшүнүктү калыптандырууга; көмүртекти секвестрациялоо, энергия үнөмдүүлүгү жана калыбына келтирилүүчү энергия булактарын кошкондо, табигый жана технологиялык чечимдерди колдонуу боюнча практикалык компетенцияларды өнүктүрүүгө; каржылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле каржылык пландоо, кирешелер менен чыгашаларды эсепке алуу жана негизделген каржылык чечимдерди кабыл алуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.

Окутуу учурунда алынган билимдерди айыл жерлеринин шартында практикалык колдонууга өзгөчө көңүл бурулат: туруктуу бизнес жүргүзүү, табигый ресурстарды акылга сыярлык башкаруу, жашыл технологияларды киргизүү жана үй чарбалары менен ишкерлердин каржылык туруктуулугун жогорулатуу. Мындай практикага багытталган мамиле долбоордун Техникалык тапшырмасында каралган.

Тренингдерге ким катышат?

Жергиликтүү коомчулукту кеңири камтуу үчүн төрт негизги максаттуу топ түзүлдү:

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук институттардын өкүлдөрү — 27 пилоттук айыл аймактын муниципалдык кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана CS-FOR долбоорунун алкагында түзүлгөн Ландшафтты башкаруу боюнча коомдук топтордун (ОГУЛ ) мүчөлөрү.
  2. Жергиликтүү бизнестин жана айыл чарбасынын өкүлдөрү — жергиликтүү ишкерлер, дыйкандар жана кооперативдердин өкүлдөрү.
  3. Үй-бүлөлөр жана үй-бүлөлүк чарбалар — чогуу чарба жүргүзгөн, үй-бүлөлүк бизнес түзүүнү пландаган же чогуу ишкердик ишмердикти жүргүзгөн үй-бүлөлүк жуптар жана жакын туугандар.
  4. Билим берүү тармагынын өкүлдөрү — мектептердин, лицейлердин жана башка билим берүү мекемелеринин мугалимдери жана окутуучулары, ошондой эле пилоттук айыл аймактарында жайгашкан мамлекеттик, муниципалдык жана менчик балдар бакчаларынын жетекчилери менен тарбиячылары.

Ар бир окуу тобу кеминде 20 катышуучудан турат. Топторду түзүүдө аялдар менен жаштардын катышуусуна, ошондой эле гендердик теңчилик жана социалдык инклюзия принциптерин камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулат. Долбоордун талаптарына ылайык, катышуучулар арасында аялдар менен жаштардын үлүшү кеминде 30% түзүшү керек.

Окуу программасы эмнени камтыйт?

Тренинг программасы теориялык билимдерди практикалык тапшырмалар, топтук иштер, кейстер жана талкуулар менен айкалыштырат. Катышуучулар жашыл экономиканын жана туруктуу өнүгүүнүн негиздерин, айыл жерлеринин климаттык тобокелдиктерин, айыл чарбасындагы жашыл технологияларды, көмүртекти секвестрлөө технологияларын, энергия үнөмдүүлүгүн жана калыбына келтирилүүчү энергия булактарын, тегерек циклдин экономикасын, жашыл чечимдердин социалдык жана экономикалык пайдасын, жашыл экономиканын гендердик аспектилерин карашат.

Өзүнчө блок каржылык сабаттуулукка арналган. Катышуучулар үй-бүлөлүк жана ишкердик бюджет, кирешелер менен чыгашаларды эсепке алуу, каржылык пландоо, топтоо жана карыздарды башкаруу, кредиттерге, лизингге, гранттарга жана башка каржылык инструменттерге жетүү маселелери менен иштешет, ошондой эле жашыл технологиялар менен демилгелердин чыгымдарын, пайдасын жана өзүн актоо мөөнөтүн баалоону үйрөнүшөт.

Окутуу негизинен кыргыз тилинде, айыл жерлеринин шарттарына жана ар кандай катышуучу топторунун муктаждыктарына ыңгайлаштырылган интерактивдик жана практикага багытталган методдорду колдонуу менен өткөрүлөт.

Тренингдер сентябрь 2026-жылы башталат

Биринчи тренингдер 2026-жылдын сентябрь айында башталат, андан кийин окутуу жылдык графикке ылайык калган пилоттук айыл аймактарында ырааттуу уланат. Төрт квартал ичинде бардык 27 пилоттук айыл аймагын камтуу жана жалпысынан 108 тренинг өткөрүү пландалган.

Жылдык окуу циклин ишке ашыруу пилоттук аймактардын тургундарынын жашыл экономика жана каржылык сабаттуулук принциптери жөнүндөгү маалымдуулугун жогорулатуу менен гана чектелбестен, алынган билимдерди күнүмдүк жашоодо, жергиликтүү башкарууда, айыл чарбасында, ишкердикте жана үй-бүлөлүк бизнесте колдонууга практикалык шарттарды түзөт.