Устойчивый курс
Токойлорго жашыл инвестициялар
Бул жөн гана токой жана мөмө дарактарын отургузуу эмес — бул региондун келечегине, жергиликтүү жамааттардын бакубат жашоосуна жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкарууга салынган инвестиция.
Токойлорду калыбына келтирүү климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө негизги роль ойнойт. Ал көмүртектин сиңирилишин жогорулатууга, парник газдарынын чыгышын азайтууга жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого көмөк көрсөтөт.
6 000 Га
Токойлорду калыбына келтирүүнүн жалпы аянты
3 440 Га
максаттуу аймактарда жаңы токойлор отургузулат (карагай, арча, терек ж.б.)
1 200 Га
жаңгак жана мөмө дарактарына бөлүнөт (грек жаңгагы, фисташка, алма, кара өрүк, өрүк)
2 560 Га
табигый токойду калыбына келтирүүгө шарт түзүлөт
2 пилоттук токой чарбасы
модернизациялоо жана көчөт өстүрүүчү заманбап питомниктер менен камсыз кылуу пландалууда
Долбоордун алкагында 2025-жылы 100 гектардан ашык аянтка алгачкы көчөттөр отургузулган
Экономикалык мүмкүнчүлүктөр
Кошумча киреше булактарын диверсификациялоо
Жеке сектордун өкүлдөрү жана жергиликтүү жамааттар токой жерлерин узак мөөнөттүү ижарага алуу аркылуу жаңгак жана мөмө плантацияларын түзүүгө катыша алышат.
Мөмө-жемиш бактарын түзүү — бул мал чарбачылыгынан тышкары альтернативдүү, туруктуу жана климатка ыңгайлашкан киреше булактарын түзүү мүмкүнчүлүгү. Бул иш-аракеттер айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен, тескерисинче көмүртектин сиңирилишине салым кошот.
1200 гектар — жаңгак жана мөмө бактары (грек жаңгагы, фисташка, алма, кара өрүк, өрүк).
Айыл аймактарын колдоо
Жайыттарга жашыл инвестициялар
Жайыттарга багытталган жашыл инвестициялар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жайыттарды сактоо жана жакшыртуу, жердин деградациясын жана эрозиясын азайтуу;
- мал үчүн суу ичүүчү жайларды куруу, көпүрөлөрдү жана жолдорду оңдоо;
- жайыттарда шамалдан коргоочу тилкелерди түзүү;
- жайыт чөптөрүнүн үрөн питомниктерин уюштуруу;
- мал чарбачылыгынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чаралар.
Бул компоненттин алкагында жайыттарды жакшыртуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн АРИС аркылуу грант берүү механизми каралган.

ОГУЛдар жергиликтүү калк жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге жаратылыш ресурстарын башкаруу жана климатка туруктуулукту жогорулатуу пландарын ишке ашырат.
Бул пландарда жергиликтүү калктын негизги көйгөйлөрү жана аларды чечүү үчүн конкреттүү чаралар камтылган.
- ФАО CS-FOR долбоорунда бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн гранттык механизм каралган.
- Ал чакан долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча жетекчиликке таянат.
Ар бир пилоттук айыл аймагы гранттык колдоого талаптар толук аткарылган шартта катыша алат.
Айыл аймактарын колдоо
Гранттар кантип бөлүштүрүлөт?
Гранттык каражаттар 4 критерий боюнча бөлүштүрүлөт:
Бул критерийлердин негизинде ар бир айыл аймакка 70 000 – 200 000 АКШ доллары өлчөмүндө грант каралган.

Кароо тартиби
Чакан долбоорлорду тандоонун, баалоонун жана бекитүүнүн негизги этаптары кандай?
Жайыттарды жакшыртууга багытталган чакан климаттык инвестициялык долбоорлорду ОГУЛдар иштеп чыгып, сунушташат.
Сунушталган чакан долбоорлор экологиялык скринингден өтөт. Эксперттик комиссия алардын көмүртекти секвестрациялоого кошкон салымы боюнча корутунду берет.
Андан соң долбоорлор чакан долбоорлорду баалоо боюнча Республикалык комитетке жөнөтүлөт. Комитет чечим кабыл алып, аны айылдык кеңешке өткөрүп берет.
Айылдык кеңеш долбоорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү планына киргизип, биргелешип каржылоо боюнча чечим кабыл алат.
Андан кийин айыл өкмөтү бардык зарыл документтерди даярдайт.
Долбоордун өнөктөшү — АРИС менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ортосунда алкактык келишим түзүлүп, андан кийин чакан долбоорлорду ишке ашыруу башталат.
Бул гранттык механизм пландаштыруу менен иш жүзүндө ишке ашыруунун ортосундагы түз байланышты камсыз кылат, ошондой эле жаратылыш ресурстарын башкарууга жергиликтүү калктын катышуусун күчөтөт.
Жайыттарга түшкөн жүктү азайтуу
Туруктуу мал чарбачылыгын колдоо
Жайыттарга жүктөмдү азайтуу үчүн мал чарбачылыгын комплекстүү өнүктүрүү программасы иштелип чыккан.
Бул программа климатка адаптацияны, туруктуулукту жогорулатууну жана айлана-чөйрөгө терс таасирди азайтууну көздөйт.
Ал төмөнкү багыттарды камтыйт:
- Мал чарбачылыгынын негиздери;
- Малды көбөйтүү ыкмалары;
- Жасалма уруктандыруу;
- Тоют берүү;
- Тоют өндүрүү;
- Багуу жана ооруларды алдын алуу;
- Мал чарба чарбаларын уюштуруу.



