Долбоор жөнүндө
Акыркы 150 жыл ичинде Жердин климаты олуттуу өзгөрдү. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк коомчулук климаттын өзгөрүшүн туруктуу өнүгүүгө, экосистемаларга жана адамдардын жыргалчылыгына эң олуттуу коркунучтардын бири катары тааныйт.
Климаттын өзгөрүшүнүн негизги себеби болуп адам ишмердүүлүгүнүн натыйжасында пайда болгон парник газдарынын чыгындылары саналат – көмүрдү, мунайды жана газды жагуу, ошондой эле айыл чарба жана жер пайдалануу иштери.
Название видео
Көмүр кычкыл газы (CO₂), метан (CH₄) жана азоттун чала кычкылы (N₂O) сыяктуу парник газдары атмосферада топтолуп, жууркан сыяктуу жылуулукту кармап турат жана глобалдык жылуулуктун күчөшүнө алып келет.
Бул өзгөрүүлөр айыл чарбасына, суу ресурстарына, токойлорго жана жайыттарга – айыл жеринде жашаган миллиондогон адамдардын жашоо булагына түздөн-түз таасирин тийгизет.
Жашыл климаттык фонд (GCF) тарабынан каржыланган ФАО/ЖКФнын CS-FOR долбоору токой жана жайыт экосистемаларынын туруктуулугун жогорулатуу аркылуу парник газдарынын чыгындыларын – климаттын өзгөрүшүнүн негизги себебин – кыскартууга багытталган. Бул экосистемалар CO₂ни секвестрациялайт (сиңирет).















