Долбоор жөнүндө

Акыркы 150 жыл ичинде Жердин климаты олуттуу өзгөрдү. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк коомчулук климаттын өзгөрүшүн туруктуу өнүгүүгө, экосистемаларга жана адамдардын жыргалчылыгына эң олуттуу коркунучтардын бири катары тааныйт.

Климаттын өзгөрүшүнүн негизги себеби болуп адам ишмердүүлүгүнүн натыйжасында пайда болгон парник газдарынын чыгындылары саналат – көмүрдү, мунайды жана газды жагуу, ошондой эле айыл чарба жана жер пайдалануу иштери.

Название видео

Көмүр кычкыл газы (CO₂), метан (CH₄) жана азоттун чала кычкылы (N₂O) сыяктуу парник газдары атмосферада топтолуп, жууркан сыяктуу жылуулукту кармап турат жана глобалдык жылуулуктун күчөшүнө алып келет.

Бул өзгөрүүлөр айыл чарбасына, суу ресурстарына, токойлорго жана жайыттарга – айыл жеринде жашаган миллиондогон адамдардын жашоо булагына түздөн-түз таасирин тийгизет.

Жашыл климаттык фонд (GCF) тарабынан каржыланган ФАО/ЖКФнын CS-FOR долбоору токой жана жайыт экосистемаларынын туруктуулугун жогорулатуу аркылуу парник газдарынын чыгындыларын – климаттын өзгөрүшүнүн негизги себебин – кыскартууга багытталган. Бул экосистемалар CO₂ни секвестрациялайт (сиңирет).

2015-жылдын 12-декабрында Бириккен Улуттар Уюму тарабынан

климаттын өзгөрүшүнө алып келген көмүр кычкыл газынын чыгындыларын азайтуу максатында кабыл алынган Париж келишимине ылайык, Кыргыз Республикасы 2030-жылга чейин парник газдарынын чыгындыларын 15,97 %га кыскартуу боюнча милдеттенме алган.

Долбоордун максаттуу аймактары

Жалал-Абад облусу:
Сузак, Тогуз-Торо райондору

Ош облусу:
Өзгөн району

Нарын облусу:
Ак-Талаа району

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын токой чарбалары: Ак-Талаа токой чарбасы, Тогуз-Торо токой чарбасы, Кара-Алма токой чарбасы, Орток токой чарбасы жана Токойду коргоо жана сактоо станциясы.

Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары (ӨКЖА): «Саймалуу-Таш», «Кара-Шоро» мамлекеттик жаратылыш парктары.

Долбоордун максаты

Төмөн көмүртектүү жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуу Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.

Долбоордун милдети

Токойлорго жана жайыт жерлерине климаттык инвестицияларды тартуу аркылуу көмүртектин секвестрациясын көбөйтүү, ошондой эле экосистемалардын деградациясына жана атмосферага парник газдарынын чыгышына алып келген факторлорду кыскартуу.

Долбоордун максаттуу көрсөткүчтөрү

432 миң

бенефициарлар

Адамдарга инвестиция салуу

Долбоор 432 миңден ашуун адамды камтыйт, алардын 57%ы аялдар болуп, инклюзивдүү жана гендердик жактан сезимтал мамилени камсыз кылат.

27 огул

жамааттардын ролун күчөтүү

Пилоттук айыл аймактарында жаратылыш ландшафттарын башкаруу боюнча 27 Коомдук топ (ОГУЛ) түзүлүп, жергиликтүү коомчулуктардын жаратылыш ресурстарын башкарууга катышуусу бекемделет.

6000 га

токойлорду калыбына келтирүү

Беш жыл ичинде 3 440 гектар аянтка жаңы токойлор отургузулат, анын ичинде 1 200 гектар жаңгак жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрү, ошондой эле 2 560 гектарда табигый токой калыбына келтирилет.

19,8 млн т CO₂

климаттык туруктуулукка салым

20 жыл ичинде долбоор климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартууга көмөк көрсөтүп, 19,8 миллион тонна көмүр кычкыл газын секвестрациялоону (сиңирүүнү) камсыздайт.

276 255 га

жайыттарды жакшыртуу

20 жыл ичинде долбоор жашыл инвестициялар аркылуу 276 225 гектар жайыттын абалын жакшыртат.

Жашыл инвестициялар жана долбоордун иш-чаралары үч Компонент аркылуу ишке ашырылат:

Компонент 1

Далилдерге негизделген жаратылыш ресурстарын башкарууну күчөтүү

Максаты:

Климаттын өзгөрүшүнө сезимтал болгон жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну туруктуу интеграцияланган пландаштыруу, мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн жол-жоболорду жана эрежелерди шайкеш келтирүү.

Кененирээк

Компонент 2

Токойлорду жана жайыттарды калыбына келтирүү үчүн жашыл инвестициялар

Максаты:

Токойду калыбына келтирүүгө, токой өстүрүүгө жана жайыттарды жакшыртууга инвестиция салуу аркылуу максаттуу райондордогу калктын туруктуулугун жогорулатуу жана алардын климаттын өзгөрүшүнө байланышкан тобокелдиктерге жана коркунучтарга дуушар болуусун азайтуу.

Кененирээк

Компонент 3

Климаттын өзгөрүшүнө сезимтал кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү.

Максаты:

Кошумча нарк чынжырларындагы потенциалды өнүктүрүүнү камсыз кылуу, өндүрүүчүлөр менен сатып алуучулардын ортосунда экологиялык корпоративдик социалдык жоопкерчилиги жогору болгон рыноктордо түз байланыштарды түзүү.

Кененирээк

Долбоорду ким ишке ашырат?

Аткаруучу уюмдар

Толук маалымат алуу үчүн ФАОнун CS-FOR долбоорунун командасына кайрылыңыз

Суроо берүү үчүн